Босния жана Герцоговинадагы зилзалада кеминде бир киши каза болду

Мостар шаары, жер силкинүүдөн кийинки көрүнүш.

Босния жана Герцоговинадагы зилзалада бери дегенде бир киши каза болду.

23-апрелге караган түнү Мостар шаарынан алыс эмес жерде кеминде 30 жолу жер силкингенин серб телерадиоканалы кабарлады.

Эң күчтүү силкинүү 4,4 баллга жеткен. Жараат алган жергиликтүү аял ооруканада көз жумган. Бир катар райондор олуттуу зыян тартканы айтылууда. Жердин титирегени кошуна өлкөлөрү Хорватия менен Словенияда да сезилген.

Дагы караңыз

BIZ мекендештерди алыстан алга сүрөйтТИМ жамаатына жаңы жетекчи тааныштырылдыЖамгырдан улам Таласта короолорду суу каптады Балбан Эрназар Акматалиев Азия чемпионатынын финалына чыкты24-апрелде көпчүлүк аймактарда жаан жаайт