Тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Жээнбек Кулубаев 23-апрелде эмгек жамаатына тааныштырылды.
Расмий кабарга ылайык, министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев Кулубаевди кесипкөй жана тажрыйбалуу экенин, тышкы саясатты президент белгилегендей жүргүзөрүнө ишенерин айтты.
22-апрелде мурдагы тышкы иштер министри Руслан Казакбаев кызматынан кеткен. Ал башка ишке өткөнү кабарланган.
59 жаштагы Жээнбек Кулубаев 2021-жылдын август айынан бери президенттин администрациясында тышкы саясат бөлүмүн жетектеп келген.
Ага чейин Тышкы иштер министрлигинде бир катар жооптуу кызматтарды аркалаган. Ошондой эле Кыргызстандын Малайзиядагы, Кытайдагы, Казакстандагы элчиси болгон. (SE)
Дагы караңыз
Балбан Эрназар Акматалиев Азия чемпионатынын финалына чыктыTemirov LIVE каналынын журналисти аккаунтуна чабуул болгонун билдирдиМариуполдун жанындагы дагы бир болжолдуу жапырт көрүстөндүн сүрөтү жарыяланды Долларды банкта арзан, базарда кымбат кылган жагдайӨзбек дипломаттары Киевге кайтты"Илимдеги кыздар" долбоорунун экинчи баскычы жыйынтыкталууда