Талас шаарында 22-апрелде кечке жуук мөндүр аралаш жамгырдын кесепетинен үйлөрдүн короолорун суу каптады. Бул тууралуу "Азаттыкка" облустук Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынан билдиришти.
Он турак жайдын короо-сарайларына, үч турак жайдын жертөлөсүнө, үч көп кабаттуу үйлөрдүн подъезддерине суу кирген. Жолчубек уулу Урмат атындагы №9 орто мектептин айланасын суу каптаган.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигининин ыкчам тобу, Талас шаардык куткаруу кызматынан автоунаа жана төрт куткаруучу тартылып, суу сордурулган. Материалдык чыгым болбогону кабарланды.
Кыргызгидромет борбору 25-апрелге чейин өлкодө туруксуз аба ырайы болорун эскертүүдө.(MKt)
Дагы караңыз
Балбан Эрназар Акматалиев Азия чемпионатынын финалына чыкты24-апрелде көпчүлүк аймактарда жаан жаайтTemirov LIVE каналынын журналисти аккаунтуна чабуул болгонун билдирдиКыргызча ырдап, Ошко сакура тиккен корей агай