Балбан Эрназар Акматалиев Азия чемпионатынын финалына чыкты

Эрназар Акматалиев. Норвегиянын Осло шаары. 2021-жыл.

Кыргызстандык балбан Эрназар Акматалиев Монголиянын Улан-Батор шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпионатынын финалына чыкты.

Кыргызстандык спортчу 23-апрелде алтын байге үчүн жапониялык балбан Тайши Нарикуни менен беттешет.

Эркин күрөш боюнча 70 килограмм салмакта күрөшүп жаткан Эрназар Акматалиев биринчи беттешинде Индиядан келген атаандашы Навин Навинди 6-3 эсебинде жеңди. Жарым финалдык таймашта жергиликтүү монголиялык балбанды 12-6 менен утту.

23 жаштагы Эрназар Акматалиев 2021-жылы Норвегиянын Осло шаарында өткөн эркин күрөш боюнча чоңдор арасындагы Дүйнө чемпионатында күмүш байге алган. Ушул эле жылы Сербиянын Белград шаарында болгон күрөш боюнча 23 жашка чейинкилер арасында (U-23) Дүйнө чемпиону аталган.

Ал 2021-жылы Токиодо өткөн Жайкы Олимп оюндарына катышкан. Жаштар арасындагы Азия чемпионатынын күмүш байгесинин ээси (2018-жыл).

Күрөш боюнча Азия чемпионаты Улан-Батор шаарында 19-апрелде башталган. Таймаштар 24-апрелге чейин уланат. Мелдештин алгачкы эки күнүндө грек-рим күрөшү боюнча таймаштар өтүп, Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама командасы үч алтын, үч коло байге алды.

Кыз-келиндер күрөшүнөн Айпери Медет кызы 76 килограммдык салмакта алтын, Мээрим Жуманазарова менен Айсулуу Тыныбекова күмүш медаль тагынды. (BTo)

Дагы караңыз

Temirov LIVE каналынын журналисти аккаунтуна чабуул болгонун билдирдиУкраинада каза болгон Исломжан Камиловдун сөөгү туугандарына бериле элекМариуполдун жанындагы дагы бир болжолдуу жапырт көрүстөндүн сүрөтү жарыяланды "Илимдеги кыздар" долбоорунун экинчи баскычы жыйынтыкталуудаКыргызстан Мазари-Шарифтеги жардырууну айыптады