Өзгөндө чоңоюп, кийин орус жарандыгын алган Исломжан Камиловдун сөөгү туугандарына бериле элек. Ал Украинадагы согушта каза болгонун, сөөгү Орусиянын Канттагы авиабазасына алып келингенин агасы Акбар Хабибуллаев 23-апрелде "Азаттыкка" билдирди.
“Бүгүн Өзгөнгө тик учак менен жеткиребиз деп айтышкан. Күтүп жатабыз. Туугандарыбызды жаназага чакырып койгонбуз”, - деди ал.
20 жаштагы Камилов 5-апрелде Луганск аймагында орус армиясынын катарында согушка катышып жүргөндө каза болгону кабарланган.
Ал Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Кара-Дыйкан айылында туулуп-өскөн. 2019-жылы Орусияга кетип, бир жылдан кийин орус жарандыгын алган. 2021-жылы армияга чакырылган. Туугандарынын айтымында анын аскердик кызмат мөөнөтү жарым жылдан кийин бүтмөк.
Буга чейин Украинада орус аскери катары окко учкан теги кыргызстандык эки адам тууралуу белгилүү болгон. Алардын бири – 19 жаштагы Эгемберди Дорбоевдин сөөгү 25-мартта Ысык-Көлдөгү өзү туулган Кара-Ой айылына коюлган. Экинчиси – 26 жаштагы Рустам Зарифулиндин сөөгү Кара-Балтадагы ата-энеси жашаган үйдөн чыгарылган. Алардын сөөгү Орусиянын Канттагы авиабазасы аркылуу жеткирилген.
24-февралда Орусия Украинага басып кирген. Согуш миңдеген адамдын өмүрүн алып, миллиондогон адам үй-жайын таштап качууга аргасыз болду.
Кыргызстан Украина-Орусия маселесинде бейтарап экенин согуш башталгандан бери айтып келет. (AAb)
Дагы караңыз
Кыргызстан Мазари-Шарифтеги жардырууну айыптады"Медиа топтоо – 2022" индустриалдык медиа форуму июнда өтөтКара-Мурза "орус армиясы тууралуу фейк маалымат тараткан" деп камалдыАлиев Арменияны тынчтык келишимине кол коюуга чакырдыШинжаңдык 20 үй-бүлө Казакстанга көчүп келдиBIZ мекендештерди алыстан алга сүрөйт