Аламүдүн райондук өнүктүрүү фондунун жетекчиси кармалды

УКМК.

Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) сот чечимин пайдасына чечип берүү үчүн К.Ж.К аттуу жарандан 97,5 миң доллар алып, дагы 35 миң доллар сураган Чүй облусунун Аламүдүн райондук өнүктүрүү фондунун директору А.С.Кны кармады.

Бул тууралуу атайын кызматтан билдиришти.

Маалыматка ылайык Аламүдүн райондук өнүктүрүү фондунун директору К.Ж.К. аттуу адамдан жарандык ишти кароого кайра кайтаруу жана анын пайдасына жаңы чечим чыгартып берүү үчүн 97,5 миң доллар алган. Андан кийин сот системасындагы жогорку кызмат адамдарына шилтеме кылып дагы 35 миң доллар талап кылган.

Бул факты боюнча шектүү Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 3-бөлүгүндө каралган опузалап пара алуу фактысы боюнча кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилген.

Дагы караңыз

Бишкекте милиция машинага тартылган "Z" белгисин өчүрттүАйсулуу Тыныбекова Азия чемпионатында финалга чыктыНарында буудай аянттары көбөйдүМадумаров антимитингдер артында күч түзүмдөрү турганын айтты