Иранда митингге чыккан 30дай мугалим кармалды

Иран. 2022-жылдын 21-апрели.

Ирандын бир нече шаарында мугалимдердин нааразылык акциялары өтүп, алардын 30га жакыны кармалганын жергиликтүү маалымат каражаттары жазды.

21-апрелде мугалимдердин айлык акысын көбөйтүү, жумуш шарттарын жакшыртуу жана буга чейин камакка алынган кесиптештерин бошотуу талабы менен борбор калаа Тегеранда жана башка бир катар шаарларда митингдер өттү.

Нааразылыкка чыккандар өкмөт билим берүү тармагында реформалар өтүшү керектигин талап кылышты.

Мындай талаптар айтылган акциялар Иранда соңку бир нече айдан бери уюштурулуп келүүдө. (RK)

Дагы караңыз

Иранда тамаша видеолорду тарткан 17 адам кармалдыБоордош өлкөнү башка түрк жумурияттары деле "Türkiye" деп аташса...Иран: суу тартыштыгы тополоңго алып келдиИран: кош кризис маалындагы шайлоо