Өзбекстанда селден төрт адамдын өмүрү кыйылганын “Азаттыктын” өзбек кызматы 21-апрелде жазды. Маалыматка караганда, кырсык Жызак облусунун Фариш районунда болгон.
Мерт болгондордун үчөө аял, бирөө эркек киши экенин өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Нөшөр жааган жаандан кийинки ташкын эгин талааларын, айрым үйлөрдү жана социалдык объекттерди каптаган. Учурда куткаруучулар кырсыктын кесепетин жоюу иштерин аткарууда.
20-апрелде Самарканд, Кашкадарыя жана Навои облустарында да сел жүргүн. (RK)
Дагы караңыз
Орозо айт майрамы 2-майга белгилендиКыргызстан Донбасс жөнүндөгү тасмаларды көрсөтүүгө уруксат бердиМамлекеттик ипотеканын шарттарын өзгөртүү сунушталдыБлогер Батмакан Жолболдуева 26-майга чейин камакта калтырылды