Ооганстандагы талибдердин бийлиги TikTok социалдык тармагына жана PUBG онлайн оюнуна тыюу салды.
Бул тууралуу өкмөттүн маалымат катчысы Инамулла Самангани Твиттерге жазды. Ал белгилегендей, өкмөт Байланыш жана маалымат министрлигине жаш муунду жаңылыш жолго салып жаткан социалдык тиркемени жана онлайн оюнду жабууну тапшырган.
Кытайлык компанияга таандык TikTok - өзгөчө жаштар арасында кеңири жайылган тиркеме. Дүйнөдө аны 1 миллиарддан ашуун адам колдонот.
Буга чейин айрым эксперттер ал балдардын жана жаштардын психологиялык саламаттыгына кедергисин тийгизерин белгилешкен.
Дагы караңыз
Тик-Ток нерв оорусуна себепкерби?Ал эми PUBG оюну түштүк кореялык "Крафтон" компаниясына таандык.
Анткен менен айрымдар бул тиркемелерди Ооганстанда жабуу кыйынга турарын белгилешет. Анткени каалагандар аларга VPN сыяктуу платформаларды колдонуу менен кире бериши мүмкүн.
Талибдер бийликке өткөн жылдын август айында келишкен. Алар бул жолу катаал чараларды колдонбоого убада беришсе да, кыз-келиндерге ушул күнгө чейин мектепке барууга уруксат бериле элек. (EzK)
Дагы караңыз
БУУ: Украинанын 5 миллион жараны мекенинен качууга аргасыз болдуДепутаттыкка жогорку билимди талап кылган жобону алып салуу сунушталдыБыйыл Кыргызстанда туристтер үчүн 68 rest point курула турганы айтылдыЭкс-президент Отунбаева Германияда иш сапары менен болдуТүндүк-Түштүк жолунда таш кулап, жол жүрүү кооптуу болуп жатканы айтылдыИИМ Болот Темировдун ишинде саясатка аралашпаганын билдирди