Экс-президент Отунбаева Германияда иш сапары менен болду

"BIZ" аттуу коомдук бирикменин демилгеси менен Роза Отунбаеванын төрагалыгы астында айым-лидерлердин форуму болуп өткөн.

Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаева 18-20-апрель күндөрү Германияда иш сапар менен болду. Бул тууралуу Кыргызстандын Германиядагы элчилиги билдирди.

Иш сапардын алкагында Отунбаева белгилүү профессионалдык немис видеосун тарткан Astfilm productions студиясына интервью берген. Студия немис жана эл аралык аудитория үчүн СССРдин түзүлүшү жана өнүгүүсүнүн негизги этаптары жөнүндө даректүү тасма даярдап жатат. Тасма Arte арттуу немис-француз биргелешкен телекомпаниясында тартууланат.

Кыргызстандын Германиядагы элчилигинде кыргызстандыктардын Германиядагы BIZ аттуу коомдук бирикмесинин демилгеси менен Роза Отунбаеванын төрагалыгы астында айым-лидерлердин форуму болуп өткөн. Ага кыргызстандыктардын Германиядан жана Чехиядан келген өкүлдөрү катышкан.

Иш сапардын алкагында Отунбаева Германиянын экс-президенти Йоахим Гаукка жолугушуп, дүйнөдөгү кырдаал жана эки өлкөнүн ортосундагы ар кандай тармактардагы кызматташтыкты өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө пикир алмашкан. Ал Нобель Тынчтык сыйлыгынын ээси, Германиянын мурдагы канцлери Вилли Брандттын форумуна катышкан.

Дагы караңыз

Ажылык зыяраттын баасы 4500 доллар болушу ыктымалИИМ Болот Темировдун ишинде саясатка аралашпаганын билдирдиУКМК 9-майда “Z” белгиси бар аскердик кийимдерди кийбөөгө чакырдыОктябрь окуясы: Бабановдун сотко жете элек иши