Жокович орус теннисчилерин чемпионаттан четтетүү чечимин сындады

Сербиялык теннисчи Новак Жокович.

Дүйнөдөгү номер биринчи теннисчи Новак Жокович орус жана беларус теннисчилерин Уимблдон ачык чемпионатынан четтетүү чечимин «акылга сыйгыс» деп атады.

Мелдешти уюштуруучулар Орусиянын Украинага кол салышына байланыштуу мындай чечимди 20-апрелде кабыл алган.

Ага ылайык, эми дүйнөдө экинчи теннисчи деп эсептелген орусиялык спортчу Даниил Медведев жана аялдар арасында төртүнчү орунда келаткан Арина Соболенко 27-июндан 10-июлга чейин өтө турган мелдештерге катыша албайт.

Сербиялык теннисчи Жокович спортчулардын согушка тиешеси жок экенин билдирди.

«Мен ар дайым согушту айыптайм, эч качан согушту колдобойм»,-деди Жокович.

Ал былтыр коронавируска байланыштуу Австралиянын ачык чемпионатына катыша албай калган.

Дагы караңыз

Депутат Ботаникалык бакты мэрияга өткөрүү аракети жүрүп жатканын айттыКреативдүү экономиканы өнүктүрүү боюнча жарлык чыктыКамактагы блогер Жолболдуева боюнча тергөө Баткенден Ошко которулдуДепутат Кумтөрдөгү иштер абдан жакшы абалда экенин айтты