Украина Орусия менен тынчтык сүйлөшүүлөрдү Мариуполдо өткөрүүнү сунуштады

Мариупол шаары. 18-апрель, 2022-жыл.

Украина Орусия менен тынчтык сүйлөшүүлөрдү Мариуполдо өткөрүүнү сунуштады. Украин делегациясынын жетекчиси, президенттин жардамчысы Михаил Подоляк Киев сүйлөшүүнү алдын ала шарт койбой өткөрүүгө макул экенин билдирди.

Делегациянын дагы бир өкүлү Давид Арахамия Телеграмга жазгандай, алар аскердик гарнизонду жана жайкын тургундарды чыгарып кетүү үчүн Мариуполдо орус тарап менен жолугушууга даяр.

Бул сунушка Москва азырынча жооп кайтара элек.

20-апрелде Мариуполдон жайкын тургундарды чыгарып кетүү жараяны ишке ашкан жок. Бул тууралуу Украинанын вице-премьер-министри Ирина Верещук билдирип, бул үчүн орус тарапты айыптады.

Шаршембиде эки тарап жайкын тургундарды чыгарып кетүү үчүн гуманитардык коридор түзүүгө макул болушкан.

Украинанын президенти Владимир Зеленский Мариуполдогу кырдаал начарлап жатканын билдирди. Анын айтымында курчоодогу шаарда миңдеген аскерлер жана жайкын тургундар бар.

Дагы караңыз

Сабировдорго байланышкан компаниянын таржымалы Депутат Ботаникалык бакты мэрияга өткөрүү аракети жүрүп жатканын айттыМектеп, мугалим жана окутуу сапаты: бүгүн өзгөрбөсө, эртең кечКреативдүү экономиканы өнүктүрүү боюнча жарлык чыктыКыргыз-казак чек арасында кезек күткөн унаалардын саны суюлду