Элмирбек Иманалиевдин эстелиги орнотулду (видео)

Элмирбек Иманалиевдин эстелиги.

Бишкектеги “Ала-Арча” көрүстөнүндө бүгүн, 20-апрелде белгилүү төкмө акын, комузчу, обончу Элмирбек Иманалиевдин эстелиги орнотулду. Маркумду эскерүүгө бийлик жана коомчулук өкүлдөрү, жакындары катышты.

Туура эки жыл мурда көз жумган Элмирбек Иманалиев 1978-жылы Токтогул районунун Өзгөрүш айылында төрөлгөн. Төрт жашынан тамга таанып, жети жашынан комуз кармап ырдай баштаган. 13 жашында устаты Тууганбай Абдиевдин чакыруусу менен Бишкек шаарына келип, адегенде филармонияга караштуу эки жылдык студияны, кийинчерээк Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтун аяктаган.

Ал айтыш өнөрүнө 1993-жылдан тартып аралаша баштаган. Эл аралык жана республикалык деңгээлде өткөн бир нече айтыштарда баш байге алган.

Акын 2020-жылы 20-апрелде 42 жашында кант диабетинен улам каза болгон. (MZh)

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Эл мүдөөсүн ырдаган Элмирбексиз эки жыл

Дагы караңыз

Быйыл ажылык сапарга Кыргызстан үчүн 2766 квота бөлүндү Тегиң ким? Иденттүүлүктүн бүгүнкү мааниси "Акыркы саатыбыз калды". Мариуполдогу "Азовсталь" үчүн кармашБалбан Жоламан Шаршенбеков Азия чемпиону болду