Түркмөнстан: жаңы президентти даңазалаган ыр сынагы жарыяланды

Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов.

Түркмөнстандын Балкан облусунда жаңы президент Сердар Бердымухамедовду даңазалаган ырлардын сынагы жарыяланды. Жеңүүчүлөргө «чоң сыйлыктар» убада кылынганын «Азаттыктын» түркмөн кызматынын журналисти билдирди.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, облус бийлиги бүтүндөй Түркмөнстан боюнча хит боло турган ырлар жазылат деп ниет кылып жатат.

Аткаминерлер белгилегендей, жакында президент Балкан облусуна келгенде аны мактап-даңктаган ырлар көп айтылбагандыктан, жергиликтүү бийликке сөз тийген.

Сердар Бердымухамедов 15-апрелде аталган облуска барып, оорукананын ачылышына катышкан. Анын сапарына даярдык бир ай мурда эле башталып, иш-чарага катыша турган маданият кызматкерлери карантинде отурушкан.

12-мартта мөөнөтүнөн мурда өткөн президенттик шайлоодон кийин ал бийликти атасы Гурбангулы Бердымухамедовдон өткөрүп алган.

Сердар Бердымухамедов мамлекет башына келери менен анын керт башына сыйынуу дароо башталган. Мамлекеттик мекемелерде, көчөлөрдө анын сүрөттөрү илинген. Алтургай такси айдоочуларын дагы машинелерине президенттин сүрөтүн илүүгө милдеттендиришкен.

Дагы караңыз

“Кумтөрдөн” Ысык-Көлгө бөлүнгөн 61 миллион доллар туура эмес колдонулганы белгилүү болдуКазакстанда каржылык пирамида иши боюнча белгилүү блогер камалдыЕврокеңештин президенти Шарль Мишель Киевге күтүүсүз бардыМилиция Болот Темировдун кылмыш иштери тууралуу түшүндүрмө берди