Азимжан Аскаровдун талаш үйү байбичесине өттү

Азимжан Аскаровдун Базар-Коргондогу үйү. Архивдик сүрөт.

Укук коргоочу Азимжан Аскаровдун үйү байбичесине расмий катталганын бүгүн 20-апрелде «Азаттыкка» укук коргоочу, “Бир дүйнө Кыргызстан” укук коргоо кыймылынын жетекчиси Төлөйкан Исмаилова билдирди:

“Канча жылдан бери бюрократия болуп чечилбей келе жаткан. Азыр Хадича Аскарова толук мураскер болду. Аскаровдун энесинин Базар-Коргондогу үйүн бербей жатышкан конфискация кылабыз деп. Соттор Аскаровага толук өткөрүп беришти. “Кызыл китеп” Хадичанын колунда. Бул калыстыкка жана акыйкаттыкка карай жакшы кадам. Аскаровдун Базар-Коргондо кеңсеси бар болчу, аны коогалаң учурунда өрттөп салышкан. Ошол жерди да толук өткөрүп берсин деп адвокаттар иштеп жатат”.

Исмаилова Аскаровдун өлүмүнүн жагдайын териштирген иликтөө уланып жатканын, ал иш укук коргоочулардын көзөмөлүндө экенин кошумчалап, май айында Кыргызстанга келе турган Бириккен Улуттар Уюмунун адам укуктары боюнча баяндамачысына да маалымат берилерин айтты.

2010-жылдагы июнь окуялары үчүн өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылып, 2020-жылы 25-июлда түрмөдө каза болгон Аскаровдун Жалал-Абад облусуна караштуу Базар-Коргон районунда жайгашкан үйү ага карата козголгон кылмыш ишинин негизинде камакка коюлуп, укук коргоочулардын жана адвокаттардын аракети менен камактан чыгарылган. 2019-жылы үй кайрадан камакка коюлган.

Тергөө Аскаровдун коогадагы күнөөсү далилденгенин, ал башаламандыкка, бийликке баш ийбөөгө чакырык жасаганын, адам өлүмүнө айыптуу экенин билдирген. Ал эми укук коргоочу өзү көзү тирүү кезинде бир нече кайрылуу таратып, милиция бул ишти андан өч алуу максатында атайылап уюштурганын, айыбы жок экенин айткан.

Аскаровдун өлүмүнө байланыштуу бир катар эл аралык уюмдар кыргыз бийлигин сындаган билдирүүлөрдү таратышкан. Маркумдун сөөгү Өзбекстанда жерге берилген. (RK)

Дагы караңыз

Орусия Мариуполдогу украин аскерлеринин багынып беришин талап кылдыБюджеттеги 43 миллиард сомдук дал келбестик маселеси талкууландыБалбан Жоламан Шаршенбеков Азия чемпионатынын финалында күрөшөтМилиция Болот Темировдун кылмыш иштери тууралуу түшүндүрмө берди