Бишкек шаардык соту укук коргоочу Динара Ошурахуновага 3 миң сом айып салган ишти токтотту.
Бул тууралуу "Кылым шамы" укук коргоо уюмунун жетекчиси Гүлшайыр Абдирасулова Фейсбук баракчасына жазды.
Бүгүн, 20-апрелде Ошурахунованын Биринчи май райондук сотунун чечимине каршы апелляциялык арызы каралган.
17-мартта укук коргоочулар Өндүрүш Токтонасыров, Динара Ошурахунова, Азиза Абдирасулова Орусиянын элчилигинин алдына Украинадагы баскынчылык аракеттерди токтотуу талабы менен пикетке чыккан. Аларды милиция кармап кеткен. Кийин сот үчөөнө 3 миң сомдон айыппул салган.
Абдирасулова менен Токтонасыровдун апелляциялык арызы Бишкек шаардык сотунда 26-апрелде каралат.
Согуш башталгандан бери Украинада эки тараптан тең миңдеген адамдар каза таап, 10 миллиондон ашуун адам үй-жайын таштап качууга аргасыз болду.
Кыргызстан Украина-Орусия маселесинде бейтарап экенин айтып келет. (КЕ)
Дагы караңыз
Кыргыз-казак чек арасында жасалма тыгын уюштургандар бар экени айтылдыКыргыз-казак чек арасында 300дөй машина кезекте туратИликтөөчү журналист Болот Темиров кайрадан суракка чакырылдыАкылбек Жапаров Вашингтондо жумушчу сапары менен жүрөт