Президент Жапаров Бакуда Гейдар Алиевди эскерди

Президент Жапаров Гейдар Алиев жана анын жубайы Зарифа Алиеванын элесин эскерди. 19-апрель, 2022-жыл.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 19-апрелде Баку шаарындагы “Ардак аллеяга” барып, Азербайжандын улуттук лидери Гейдар Алиевдин жана анын жубайы Зарифа Алиеванын мүрзөсүнө гүлчамбар койду.

Садыр Жапаров расмий сапары менен Азербайжандын борбору Баку шаарына 19-апрелде барган. Президенттин басма сөз кызматы маалымдагандай,
эки күндүк сапар алкагында ал Азербайжандын президенти Илхам Алиев менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.

Мамлекет башчылары эки жана көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашат.

Азербайжандын Милли Межилисинин төрайымы Сагиба Гафарова менен эки тараптуу жолугушуу да пландалган.

Мындан тышкары азербайжандык ишкер чөйрөнүн өкүлдөрү менен жолугушуп, Кыргызстан жана соода-инвестициялык чөйрөдөгү кызматташтыктын келечеги тууралуу маалымат берилет.

Сапар Кыргызстан менен Азербайжан ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгынын, мамлекеттер ортосундагы достук жана кызматташтык келишимине кол коюлгандыгынын 25 жылдыгынын алдында өтөт. (КЕ)

Дагы караңыз

Назарбаев Январь окуяларынан бери биринчи жолу Казакстандагы иш-чарага катыштыБишкекте эл аралык музыка жана бий конгресси өтөтЭкономика министрлиги ички дүң өнүмдө өсүү болгонун билдирди Депутат Козуев: Кумтөрдө кошумча фабрикалар курулары жөнүндө маалымат алдык