ЭВФ: 2022-жылы дүйнөлүк экономиканын өсүү темпи солгундайт

Ооганстандын Хост шаарындагы базар. 4-апрель, 2022-жыл.

Эл аралык валюта фонду (ЭВФ) Украинадагы согуштан улам быйыл дүйнөлүк экономиканын өсүү темпи солгундай турганын билдирди. Фонддун 19-апрелде жарыяланган божомолуна ылайык, 2022-жылы глобалдык экономика 3,6% өсөт. Бул январь айында болжонгондон 0,8% азыраак. 2021-жылы глобалдык экономика 6,1% өскөн болчу.

ЭВФ согуштун кесепети Украинада, Орусияда жана дүйнөнүн жакыр өлкөлөрүндө дагы көбүрөөк сезилерин эскертти. Фондун маалыматына ылайык, быйыл Украинанын экономикасы 35%, Орусиянын экономикасы 8,5% төмөндөйт.

Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен быйыл Кыргызстандын экономикасынын өсүү темпи көбүрөөк солгундайт. Маселен, 2022-жылы Кыргызстандын ички дүң жыйымы 0,9%, Түркмөнстандыкы 1,6%, Казакстандыкы 2,3%, Тажикстандыкы 2,5%, Өзбекстандыкы 3,4% гана өсөт.

ЭВФтин баяндамасында айтылгандай, Украинадагы согуш мунай баасынын көтөрүлүшүнө жана инфляциянын жогорулашына жол ачты. Натыйжада быйыл өнүккөн өлкөлөрдө инфляция 5,7%, өнүгүп келе жаткан мамлекеттерде 8,7% чейин көтөрүлөт.

Фонд Украинадагы согуш дагы узакка созула турган болсо жана Москвага дагы катаалыраак санкциялар киргизилсе, анда 2022-жылга карата божомол дагы начарлашы мүмкүндүгүн эскертүүдө.

Дагы караңыз

Молдова президенти Георгий тасмасына тыюу салган мыйзамга кол койдуЭкономика министрлиги ички дүң өнүмдө өсүү болгонун билдирди Орусия Бельгия менен Нидерланддын дипломаттарын өлкөдөн чыгаратБакай-Ата райондук сотунун судьясы пара алууга шектелип кармалдыБишкекте эл аралык музыка жана бий конгресси өтөтПрезидент Садыр Жапаров расмий сапары менен Азербайжанга барды