Ташкентте белгилүү саясат таануучу камакка алынды

Камолиддин Раббимов.

Өзбекстандагы белгилүү саясат таануучу жана көз карандысыз эксперт Камолиддин Раббимов 15 суткага камалды. Учурда ал Ташкенттеги тергөө абагында кармалууда.

Бул тууралуу журналист Ильёс Сафаров өзүнүн Facebook баракчасына жазды. Анын айтымында, үй-бүлөсү 17-апрелден бери байланыша албай жатат. Раббимовдун жакындары ал 15:00дө үйдөн чыгып кеткен бойдон дайыны чыкпай жатканын айткан.

"Мен азыр эле Камоллидин ака менен байланыштым. Биздин сүйлөшүү абдан кыска, 5-6 секунд эле болду. Ал "мен 15 сутка Панельныйдамын" деп айтты. Бул Камоллидин Раббимов ушул тапта "Панельный" деген тергөө абагында экенин түшүндүрөт", - деп жазган журналист.

Өзбекстандын Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Шохрух Гиясов 17-апрелде Ташкенттин Шайхантахур районундагы Чакар махалласында санитардык-профилактикалык иш-чараларды жүргүзүү учурунда Камолиддин Раббимов "кызматкерлердин ишмердүүлүгүнө негизсиз кийлигишип, мыйзамдуу талаптарды аткарышкан эмес" деп билдирди.

Ага карата Кылмыш-жаза кодексинин 183- ("Майда бейбаштык"), 194- ("Ички иштер органдарынын кызматкеринин мыйзамдуу талаптарын аткарбоо") жана 195- ("Кызматтык милдеттерин аткарууга бөгөт коюу") беренелери боюнча административдик протокол түзүлдү. Документтер соттук териштирүү үчүн Шайхантахур райондук сотуна жөнөтүлдү.

Камолиддин Раббимов 2007-жылдан бери Францияда жашайт, ошол жактан башпаанек алган. Бир нече ай мурда ал Өзбекстанга кайтып барган. (КЕ)

Дагы караңыз

Кыргызстанда биолаборатория куруу маселеси Москвада талкууландыУлуттук банк валюта рыногунда жасалма доллар көбөйгөнүн билдирдиАк үй Байдендин Киевге баруу планы жок экенин билдирдиДепутат өкмөт мүчөлөрүнүн компаниялары жеңилдетилген насыя тизмесинде экенин айтып чыкты