"Медуза" басылмасы "Москва" крейсеринде 37 киши каза болгонун жазды

Орусиянын "Москва" крейсери, Кара деңиз. 16-ноябрь, 2021-жыл.

"Медуза" басылмасы өрттөн кийин чөгүп кеткен "Москва" крейсеринин бортунда экипаждын 37 мүчөсү каза болуп, 100дөй киши жараат алганын Кара деңиз флотунун командачылыгына жакын болгон булактарга таянып жазып чыкты. Дайыны чыкпай жаткандардын саны канча экени белгисиз. Кемеде 500дөй киши болгон.

13-апрелде Украина "Москвага" ракеталык чабуул жасалганын жана крейсерде өрт чыкканын жарыялаган. Бул болжолдуу түрдө Одессадан 150 чакырым алыстыкта жайгашкан Кара деңизде болгон.

Орусия Кара деңиздеги флотунун флагманы деп саналган "Москва"крейсери 14-апрелде чөгүп кеткени расмий маалымдалган. Орус тарап кемеде ок-дарылардын жарылуусунан улам өрт тутанып, андан крейсердин корпусу жабыркап, чөгүп кеткенин билдирген. Украинанын Түштүк командачылыгынын офицери Владислав Назаров кемелерди бутага алган "Нептун" ракетасы менен Кара деңиз аймагында "Москва" крейсерине сокку урулганын маалымдаган.

Орусиянын Коргоо министрлиги крейсердин экипажы толук курамы менен эвакуацияланганын билдирген. Ошол эле учурда бир нече булактар, анын ичинде аскерлердин жакындары жардыруудан каза болгондор бар экенин айтышууда.

18-апрелде Телеграм-каналдарда "Москва" керейсери болушу ыктымал деген сүрөт, видеолор тарады. Крейсерде аскердик кызмат өтөп жаткан эки жоокердин ата-энеси алардын дайынсыз жоголгонун айтып чыгышты. Орусиянын Коргоо министрлиги "Москва" крейсеринде канча адам каза болгонун так маалымдай элек. (КЕ)

Дагы караңыз

Депутат өкмөт мүчөлөрүнүн компаниялары жеңилдетилген насыя тизмесинде экенин айтып чыкты Путин Бучадагы кыргынга шектелген аскердик бөлүктү сыйладыСузак райондук сотунун судьясы кызматтан алындыЛьвовдогу чабуулдан мерт болгондордун саны жети кишиге жеттиМинистрлик: Ошто лицензиясы жок тиш дарылоочу жайлар аныкталды