Сузак райондук сотунун судьясы кызматтан алынды

Жогорку соттун имараты.

Президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен Жалал-Абад облусунун Сузак райондук сотунун судьясы Иматилла Жолдошов кызматынан бошотулду.

Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, 65 жаштагы Иматилла Жолдошов ушул жылдын 21-мартында курагынын чегине жеткендигине байланыштуу кызматынан алынганы айтылат.

Президент Садыр Жапаров былтыр 21-апрелде Сотторду тандоо кеңешинин сунушу менен Чүй, Ош жана Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондук сотторунун судьяларын дайындаган. Алардын катарында Иматилла Жолдошев да болгон. (JsA)

Дагы караңыз

Львовдогу чабуулдан мерт болгондордун саны жети кишиге жеттиМинистрлик: Ошто лицензиясы жок тиш дарылоочу жайлар аныкталды"ИМ" террордук тобу тарапкерлерин мурдагы лидери үчүн өч алууга үндөдүКамактагы украин олигархы Медведчук Зеленский менен Путинге кайрылдыУкраинада өзбекстандык 11 мигранттын дайыны чыкпай жатат