Чаткал: жарыктандыруунун акчасын алган компания изделүүдө

Чаткал району.

Жалал-Абад облусунун башчысы Абсаттар Сыргабаев Чаткал районундагы беш айылды жарыктандырмай болуп, тендерден уткан "Маклер-Фетва" жоопкерчилиги чектелген коомунун (ЖЧК) ишин текшерүүнү тапшырды. Бул тууралуу маалымат президенттин өкүлү райондун жашоочулары менен жолугушканда белгилүү болду.

Аталган компания 2018-жылы 13 млн. 754 миң сомдук тендерди утуп, ага жалпы сумманын 80% төлөнүп берилген. Ал Айгыр-Жал, Кайың-Суу, Коргон-Сай, Башкы-Терек, Чакмак-Суу айылдарын жарыктандырышы керек болчу.

Каныш-Кыя айыл аймак башчысы Капарбек Смаилов иштин 30% гана аткарылганын, ошол себептүү 2021-жылы компаниянын үстүнөн укук коргоо органдарына кайрылышканын айтты.

"Маклер-Фетва" ЖЧКсы менен байланышууга мүмкүн болгон жок.

Бул боюнча Кылмыш-жаза кодексинин "ишенип берилген мүлктү кайтарып алуу" беренеси менен иш козголуп, милицияга өткөрүлүп берилген. Өзгөрүлгөн мыйзамга ылайык, ишти азыр прокуратура карап жатат.

Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы быйыл январда аталган компанияга издөө жарыялаган. (TB\JsA)

Дагы караңыз

Президент Жапаров талкуу жараткан маселелерге жооп берерин айттыПрокурордун өлүмү үчүн айыпталган Мелис Калыковдун өкүмү күчүндө калдыГрекия орус танкерин кармадыТашкент Ооганстандан аткылоо болгону тууралуу маалыматты четке кактыАлтын-Казык конушунун тургундары жол тосушту