Мамлекеттик кызматкерлер этиканы жана эл алдында сүйлөөнү үйрөнүшүүдө

Тренингден тартылган сүрөт

Кыргызстандагы министрлердин жана административдик мекемелердин жетекчилеринин орун басарлары "Мамлекеттик кызматкердин этикасы", "Эл алдында сүйлөө жана бетачарды сунуштоо көндүмдөрү" багытында тренингден өтүп жатат.

Ошондой эле "Мыйзам долбоорун сунуштоо жана коргоо", "Ишкердик мамлекеттик тил", "Товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү, мамлекеттик сатып алууларды башкаруу" боюнча да тажрыйбаларын жогорулатышууда.

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу боюнча окууларды өткөрүү зарылдыгы тууралуу сунушту буга чейин Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров киргизген.

Министрлер кабинетинин сайтындагы маалыматка ылайык, 29-марттан 21-апрелге чейин пландалган тренингдерге 74 кызматкер катышып жатат. Сабактар президентке караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясында өтүүдө.

Катышуучуларга Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орунбасары Арзыбек Кожошев, Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Сыртбай Мусаевдер сабак тажрыйба бөлүшүп жатат.

Алдыдагы лекцияларга коомдук ишмерлер Медеткан Шеримкулов жана Чолпонкул Арабаев чакырылган.

Андан тышкары, райондук мамлекеттик администрациялардын жана айыл өкмөт башчыларын «Infodocs» электрондук документ жүгүртүү системасына окутууга даярдыктар көрүлүүдө. (SE)

Дагы караңыз

Тажикстанда дээрлик тогуз жыл абакта отурган журналист бошотулдуАйт намазына байланыштуу эски аянт оңдолуп жатат"Москва" крейсеринин айрым матростору табылбай жататКыргыз Эл артисти Айтажи Шабданова көз жумду