Айт намазына байланыштуу эски аянт оңдолуп жатат

Эски аянттагы айт намаз. 2019-жыл.

Орозо айтка байланыштуу Бишкектеги эски аянттын тегереги оңдолууда. Эки жылдан бери бул жерде жапырт намаз окууга уруксат берилбей келген.

Мэриянын басма сөз катчысы Назгүл Жамгырчиева 2-майда Бишкектин борбордук бөлүгүндө айт намазы окуларын, ушуга байланыштуу асфальты жаңыланып, айланасы иреттелип жатканын "Фейсбукка" жазды.

Мурдагы өкмөт үйүнүн, азыркы Президенттик админстрациянын алдындагы эски аянтта 2020-жылга чейин Орозо айт жана Курман айт намаздары миңдеген кишинин катышуусунда окулуп келген. Коронавирус пандемиясынан улам 2020-жылы жапырт намаз окууга тыюу салынган.

Мусулмандардын бир айлык ыйык орозо айы апрелдин соңунда аяктап, Айт майрамы болжол менен 1-2-майга туш келери кабарланган. (SE)

Дагы караңыз

"Москва" крейсеринин айрым матростору табылбай жататКыргыз Эл артисти Айтажи Шабданова көз жумду“Бакиев бийликке аттанганда Масалиев батасын берген” Жүн менен портрет тарткан Максат