Кыргыз Эл артисти Айтажи Шабданова көз жумду

Айтажи Шабданова Курманжан Датканын ролунда.

Кыргыз Эл артисти Айтажи Шабданова 17-апрелде 75 жаш курагында көз жумду. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кабарлады.

Айтажи Шабданова Оштогу Бабур атындагы мамлекеттик академиялык өзбек музыкалуу драма театрынын белгилүү актрисаларынан бири эле. Өмүрүнүн соңку күндөрүнө чейин аталган театрда эмгектенди.

1946-жылы Араван районунда туулган Айтажи Шабданова театрда 14 жашынан бери түрдүү ролдорду аткарган. 1980-жылы Ташкент театр институтун аяктаган.

Сахнада кыргыз, өзбек, казак, тажик, азербайжан, уйгур тилдеринде ырларды аткарган, түрдүү образарды жараткан.

Султан Раевдин "Канышанын көз жашы" чыгармасындагы Курманжан Датканы, Чыңгыз Айтматовдун "Саманчынын жолу" чыгармасындагы Толгонайды жана башка каармандарды ойногон.

1975-жылы Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти, 1980-жылы Кыргыз ССРинин Эл артисти наамдарын алып, 1999-жылы "Даңк" ордени менен сыйланган. (SE)

Дагы караңыз

Украин бийлиги: Мариупол үчүн кармаш аягына чейин уланат Тийишүүнүн кесепети же харассментке каршы тур

51Сахиба Шакирова, Топчубай Досбаев и ещё 49

Комментарии: 26

Поделились: 3

Нравится

Комментировать

Поделиться