Караколдо депутат "бейбаштык" беренеси менен кармалды

Шектүүнүн сүрөтү.

Ысык-Көл облусунун Каракол шаардык кеңешинин 27 жаштагы депутаты Кылмыш жаза кодексинин 280 – беренесине (“Бейбаштык”) шектелип, кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгы маалымдады.

Шектүүнү тинтүү учурунда жанынан уруксат документи жок ок атуучу курал табылган. Милициянын кабарлашынча, ал күнөөсүн моюнуна алып, тергөө абагына камакка алынды.

15-апрелде жергиликтүү тургун аны мурда тааныш эки киши курал менен коркутуп сабаганын айтып, милицияга арыз менен кайрылган. Шаардык кеңештин депутаты ушул арыздын негизинде шектүү катары кармалган. Адвокатттары комментарий бере элек. Тергөө уланып жатканы айтылды. (TSh)

Дагы караңыз

Британиянын премьер-министрине Орусияга кирүүгө тыюу салындыБекешев: Жаңы курулуш тууралуу маалымат ачык болсунТүркмөнстанда сулуулук салондору жабылуудаКыргыз элчиси менен Казакстандын өкмөт башчысы жолукту