Орусияда Дудь баштаган бир нече адам “чет элдик агент” деп табылды 

Юрий Дудь.

Журналист, белгилүү видеоблогер Юрий Дудь, политолог Екатерина Шульман, The Insider басылмасынын башкы редактору Роман Доброхотов жана “Радио Свобода” менен кызматташып жүргөн карикатурист Сергей Елкин Орусиянын Юстиция министрлигинин “чет элдик агент” деген массалык маалымат каражаттарынын реестрине киргизилди.

Бул реестрге журналист Карен Шаинян, “Орусия ЛГБТ” уюмунун психологиялык кызматынын башчысы Мария Сабунаева жана феминист, ЛГБТ активист Регина Дзугкоева, журналисттер Алексей Семенев менен Кирилл Кругуликов киргизилген. Жалпы “чет элдик агент” массалык маалымат каражаттары реестрине 142 юридикалык уюм катталган.

Реестердеги жарандарга бир катар талаптар бар. Алар каржылык отчет берип жана социалдык тармактардагы билдирүүлөрүндө “чет элдик агент” деп эскертүү жазышы керек. Мыйзамды бузгандар административдик айыпка жыгылып, андан кийин кылмыш жазасына тартылат.

Юстиция министрлиги жогорудагы жарандардын реестрге эмнеге киргизилгенин түшүндүргөн жок. Алардын көпчүлүгү буга чейин орус армиясынын Украинага басып киргенине каршы болгон.

Дагы караңыз

Вице-мэр “Тазалыктын" жумушчулары ишке чыкканын билдирдиЗеленский: Согуш башталгандан бери 3 миңдей украин аскери курман болдуХарьков жана Николаевде ондон ашык киши окко учтуЛейлекте ГЭС курууга Орус-Кыргыз фондунан 5 млн. доллар насыя бөлүндү

. (TSh)