Кыргызстанда мамлекеттик кызмат жетекчилери мыйзам долбоорун даярдоо, мамлекеттик сатып алууларды башкаруу, эл алдында чыгып сүйлөө боюнча билим алып жатышат.
Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы маалымдады.
29-марттан 21-апрелге чейинки семинарга министрлердин орун басарлары жана административдик ведомстволордун жетекчилеринин орун басарлары болуп 74 мамлекеттик кызматкер катышууда.
Окуулар президентке караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясында өтүп жатат.
Жакында райондук администрациялардын жана айыл өкмөт башчылары Infodocs электрондук документ жүгүртүү системасын окушат. Билимин жогорулатууга мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер анын ичинде президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлери катышат.
Мамлекеттик кызматкерлердин билимин жогорулатуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун демилгеси менен ишке ашууда. Кыргызстанда мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин саны 28 миңге жете турганы кабарланган. (TSh)
Дагы караңыз
Депутат жана ырчы менен чырдашкан инспектор иштен алындыЛейлекте ГЭС курууга Орус-Кыргыз фондунан 5 млн. доллар насыя бөлүндүВице-мэр “Тазалыктын" жумушчулары ишке чыкканын билдирдиЗеленский: Согуш башталгандан бери 3 миңдей украин аскери курман болду