Украинанын президенти Владимир Зеленский 15-апрелде CNN телеканалына курган маегинде кеминде 3 миң аскери курман, 10 миңге жакыны жарадар болгонун айтты.
Эки тарап тең согушта армиясынын жоготуулары жөнүндө маалымат берүүдөн карманып келет.
25-мартта Орусиянын Коргоо министрлиги согуштук аракеттерде 1351 аскери окко учуп, 3825и жарадар болгонун кабарлаган. Андан бери Кремл өз армиясынын жоготуулары жөнүндө маалымат тара элек. Украинанын Коргоо министрлигинин маалыматы боюнча орус тараптын жоготуулары 20 миң кишиге чамалайт.
Азырынча эки тараптын аскерий жоготуулары жөнүндө так маалымат айтуу кыйын. АКШнын чалгын кызматы өзүнүн маалыматтарына таянып, марттын ортосунда 8-14 миңге чейин орус аскери каза болгонун маалымдаган. (TSh)
Дагы караңыз
Харьков жана Николаевде ондон ашык киши окко учтуДепутат жана ырчы менен чырдашкан инспектор иштен алындыЛейлекте ГЭС курууга Орус-Кыргыз фондунан 5 млн. доллар насыя бөлүндүПрезидент жаңы курулуш боюнча сындарга жооп берди