Орус-Кыргыз өнүктүрүү фонду "Лейлек" кичи ГЭСинин курулушуна 5 миллион 600 миң доллар жеңилдетилген насыя бөлдү. Бул тууралуу фонддун сайтында кабарланды.
Маалыматка ылайык, ГЭСтин кубаттуулугу 5,9 мегаватты түзүп, жылына 26,3 миллион киловатт-саат электр жарыгын өндүрөт. Баткен облусун 3,5% электр менен камсыздай алат. Чакан ГЭСтин курулушу 2023-жылы март айында бүтөрү пландалып жатат. Долбоордун курулушун “Кыргыз Каганат” ишканасы ишке ашырууда.
Быйыл Токтогул суу сактагычындагы суунун аздыгынан Кыргызстан соңку жылдардагы эң ири энергетикалык кризисти баштан кечирүүдө. Бийлик энергетика тармагындагы кризисти жоюу үчүн чакан электр станцияларын курам деген ишкерлерге бир топ жеңилдик берилгенин айткан.
Орус-Кыргыз фонду эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн ортосунда 2014-жылы кол коюлган келишимдин негизинде түзүлгөн. Фонддун кеңеши беш, башкармалыгы беш мүчөдөн турат. (TSh)
Дагы караңыз
Президент жаңы курулуш боюнча сындарга жооп бердиИсманкуловдун медициналык борбору жайгашкан имарат оңдолуудаПрезидент Жапаров Тажикстан менен 664 чакырым чек ара такталганын билдирди