Президенттин администрациясынын жаңы имаратынын курулушу башталды

Президенттин администрациясынын жаңы имаратынын макети.

Мамлекет башчы Садыр Жапаров 15-апрелде президенттин администрациясынын Бишкек шаарындагы жаңы имаратынын курулушуна капсула салды. Президент аянты 21 миң чарчы метрди түзө турган жаңы имарат сапаттуу салынышы керектигин айтты.

Өлкө башчынын басма сөз кызматы жаңы административдик комплекс курулуп мамлекеттик органдар бир жерге жайгашса, чечимдерди иштеп чыгуу процесси тездеп, Бишкектин борбордук бөлүгүндөгү автожолдогу жүк азаярын билдирди.

“Административдик имараттардын азыркы жайгашуусу – көпчүлүк мамлекеттик органдар негизинен Бишкектин борбордук бөлүгүндө топтолгон. Муну менен шаардын борборунда жол кыймылына жана тургундарга белгилүү ыңгайсыздыктар жаралууда”, - деп айтылат маалыматта.

Садыр Жапаров 15-апрелде президенттин администрациясынын Бишкек шаарындагы жаңы имаратынын курулушуна капсула салды

Курулуш маселелери менен президенттин иш башкармалыгына караштуу Курулуш, социалдык-экономикалык жана административдик объектилерди реконструкциялоо боюнча түзүлгөн мамлекеттик дирекция алектенет.

Административдик комплекс шаардын түштүк бөлүгүндө, мамлекеттик резиденцияга жакын жайгашкан “Ысык-Көл” мейманканасынын имараты бузулуп жаткан жерге салына баштады. Конок үйүн бузуу иштери былтыр декабрда башталып, ал үчүн бюджеттен тогуз миллион сомдун тегерегиндеги каражат сарпталды.

Президенттин иш башкармалыгы комплексти куруу боюнча инвесторлор менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын кабарлап, курулушка канча каражат кетерин, акча кайдан бөлүнөрүн ачыктай элек.

Борбор калаанын түштүк бөлүгүндө жайгашкан сегиз кабаттуу “Ысык-Көл” мейманканасы 1984-жылы Кыргыз ССРинин 60 жылдыгына карата курулган. (BTo)

Дагы караңыз

Түштүк Сахалинде абакта жаткан сегиз кыргызстандык депортация болотУльяновскиде түрмөдө орозо кармагандар кыйноого алынганМедициналык жогорку окуу жайларга бир катар талаптар коюлдуЖусуп Абдрахманов тууралуу даректүү тасманын бет ачары болду Кыйноолорду алдын алуу борбору Атамбаевден кабар алдыБишкек: "Тазалыктын" жумушчулары жетекчисине каршы митингге чыкты Өкмөт чет өлкөгө доллар алып чыгууга чектөө киргизүүнү сунуштады