Бишкек шаарынын мэриясы борбор калаадагы Кыргыз-Түрк ооруканасы муниципалитеттин карамагына өткөрүлгөнүн билдирди.
Түрк кызматташтык жана координация агенттигинин (ТИКА) колдоосу менен 2017-жылы курулган оорукана 72 кишиге эсептелген. Анын ичинен 21 реанимация керебети, ангиограф, компьютердик томография, магниттик-резонанстык томография, маммография, рентген жабдуулары, УЗИ, гастроскоп, эхокардиограф жана башка диагностикалык аппараттар бар.
Оорукананы башкаруу боюнча эки тараптуу келишим ратификация болбогондуктан, анын курулушу 2017-жылы бүткөнүнө карабай 2020-жылы гана ишке берилген. Жыйынтыгында, келишим 2021-жылы ратификация болгон. (BTo)
Дагы караңыз
АКШ Кыргызстан менен кызматташуу келишимине кол коюуга даяр экенин билдирди"Тазалык" муниципалдык ишканасынын башчысы алмашты Кыйноолорду алдын алуу борбору Атамбаевден кабар алдыОрусия Киевге чабуулдарын күчөтөрүн эскерттиБернс: Орусиянын өзөктүк курал колдонуу коркунучуна жеңил ойлуу мамиле кылбаш керекКыргызстандык футболчу "Галатасарайдын" негизги курамы менен оюнга чыктыУлуттук банк виртуалдык активдер боюнча айрым маалыматтарга ишенбөөгө чакырдыПакистанда согушкерлердин кол салуусунан жети аскер курман болдуСтатком: үч айда Ички дүң өнүм 4,5% жогорулады