Улуттук банк виртуалдык активдер боюнча айрым маалыматтарга ишенбөөгө чакырды

Улуттук банктын имараты.

Улуттук банк адамдарды виртуалдык активдерге жамынып алып, “коин”, “криптовалюта”, “криптомонета”, “криптоактив” сөздөрдү колдонуп, айрым активдерди сатып жаткан шылуундардан сак болууга чакырды.

Мекеме, анда финансы пирамидасынын белгилери катылган алдамчы схемалар бар экенин, алар ушундай жол менен кишилердин акчасын алып коёрун эскертти.

Өлкөнүн негизги банкы алдамчылар Интернетте, айрым жалпыга маалымдоо каражаттарында, социалдык тармактар менен мессенжерлерде өздөрүн жарнамалап, “адамдарга тез эле көп пайда көрүүгө болот” деген маалыматты берип жатканын билдирди.

Банк мындай жарнама иштерине белгилүү адамдар да тартылып атканын кошумчалады. (BTo)

Дагы караңыз

Бернс: Орусиянын өзөктүк курал колдонуу коркунучуна жеңил ойлуу мамиле кылбаш керекПакистанда согушкерлердин кол салуусунан жети аскер курман болдуСтатком: үч айда Ички дүң өнүм 4,5% жогоруладыУКМК: Баңгизат саткан аскер кызматкерлери кармалдыМэрия: “Тазалык” ишканасында каржылык мыйзам бузуулар аныкталдыИерусалимдеги кагылышууда 152 палестиналык жабыркады