Пакистандагы уруулар байырлаган Түндүк Вазиристан аймагында болгон согушкерлердин чабуулунан жети аскер курман боду. Бул тууралуу аймактагы жогорку даражалуу аткаминерлердин бири «Азаттык» радиосунун пакистан кызматына билдирди.
Азырынча бир да топ 14-апрелде болгон кол салуу үчүн жоопкерчилик ала элек.
Бул аймак негизинен пакистандык талибдер же тыюу салынган "Техрик-и-Талибан Пакистан" тобунун уюгу катары саналат.
13-апрелде Шаам менен Мирали Хади райондорундагы эки башка кол салуудан эки аскер курман болгон.
Соңку кол салуудан бир нече саат мурда аскерлердин өкүлү "Техрик-и-Талибан Пакистан" тобу менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлбөй турганын билдирген.
Мурдараак Ооганстанда жашырынып жүргөн уруу аксакалдары Пакистан бийлиги менен ок атышууну токтотуу боюнча сүйлөшүү жүргүзүп жатканы кабарланган.
Расмий Исламабад 2014-жылы талибдерге каршы ири операция жүргүзүп, аймактагы согушкерлерди Ооганстанды көздөй сүрөп чыкканын билдиришкен. Анткен менен, жергиликтүүлөр талибдер аймакка кайтып, чабуулдарын күчөтүп жатканын айтышууда. (EzK)
Дагы караңыз
Мэрия: “Тазалык” ишканасында каржылык мыйзам бузуулар аныкталдыКыргызстандык футболчу "Галатасарайдын" негизги курамы менен оюнга чыктыБишкекте жасалма диплом даярдоо менен алектенгендер аныкталды