Садыр Жапаров "Мамлекекеттик сатып алуулар жөнүндө" мыйзамга кол койду

Иллюстрациялык сүрөт.

Президенттин басма сөз кызматы тараткан маалыматта "мыйзамдын максаты ресурстарды натыйжалуу жана үнөмдүү пайдалануу жолу менен көп пайдага жетүү болуп саналат. Мыйзам мамлекеттик сатып алуулардын жол-жоболорун жөнөкөйлөтүүгө жана коррупцияны минималдаштырууга багытталган. Мында, мамлекеттик сатып алуулардын 4 методу (чектелбеген, чектелген, котировкаларды сурап алуу, бир булактан алуу) каралган", деп жазылган.

Ошондой эле "мамлекеттик жана муниципалдык ишканалардын, уставдык капиталга катышуу үлүшүнүн 50% ашыгы мамлекетке таандык болгон акционердик коомдордун, анын ичинде алардын туунду чарбалык коомдорунун сатып алуулары мыйзам менен жөнгө салынбай турганы белгиленген", деп көрсөтүлгөн.

Бул мыйзам долбоорду Жогорку Кеңеш 6-апрелде кабыл алган. Анда айрым депутаттар буга каршы чыгып, мамлекеттик компаниялар урук-туугандарынан сатып алууну жүргүзө баштайт, коррупция күчөйт деп сындап чыгышкан.

Буга чейин Финансы министрлиги мыйзам кабыл алынгандан кийин мамлекеттик сатып алуулардын көлөмү 28 миллиард сомго кыскарарын билдирген.

2021-жылдын сегиз айында мамлекеттик мекеме, компаниялар 73,9 миллиард сомго сатып алууларды жүргүзгөн.

Дагы караңыз

Октябрь окуясы: жабыркагандар Жээнбековду жоопко тартууну талап кылды Министр: Бишкектеги мектептердин деректирлери ротация болот "Тазалык" муниципалдык ишканасынын башчысы алмашты Мамлекеттин үлүшү бар ишканалар былтыр 11 млрд сом киреше тапканОшто синтетикалык маңзат сатууга шек саналып эки аял кармалды