Министр: Бишкектеги мектептердин деректирлери ротация болот

Бишкекте 96 мектеп бар, анын 22синде окуучулардын саны нормадан кыйла жогору экени айтылган.

Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев "Азаттыктагы" маегинде билдирди. Ал ротация жараянын негизинен ата-энелердин билим берүүнүн сапаты начар деген жүйө менен балдарын үйүнүн жанындагы мектепке бербей жаткан көрүнүш менен байланыштырды.

"Азыр балдар барбай жаткан мектептерди толтурбасак, анда биз 20 эле мектепти сактап калып, калганын жабышыбыз керек болот. Катталган жери кайда болсо ошол жердеги мектепке барсын деген саясат болуп жатат. Ошол мектептердин сапатын көтөрөлү деп жатабыз. Бир эле электрондук кезекке коюу менен маселе чечилип калбайт. Жайында деректирлердин аттестациясы, ротациясы болот. Балким күчтүү уюштургуч мектеп деректирлерин артта калган мектептерди көтөрүү үчүн колдонобуз. Жакшы иштеген мугалимдерди жылыштарыбыз. Андай кылбасак Бишкекте бул эң чоң көйгөйгө айланды. Балдардын баары 10-20 мектепке толуп алат, калган мектептерде алардыкындай жүк болбойт", -деди министр.

Бишкек шаарында 96 мектеп бар жана буга чейин негизинен 22 мектепте окуучулардын саны нормадан кыйла жогору экени айтылган.

Дагы караңыз

Ошто синтетикалык маңзат сатууга шек саналып эки аял кармалды Навальный Батышты Путинге каршы "маалыматтык согуш" ачууга чакырды Казакстан: Карим Масимовдун тергөө абагындагы мөөнөтү узартылды COVID-19: оору жуккан учурлар эки күндөн бери кайра каттала баштады Чек ара: соңку ок атышууга байланыштуу кылмыш иши козголду