Ошто синтетикалык маңзат сатууга шек саналып эки аял кармалды

Бишкектин негизги көчөлөрүндөгү баңгизаттын жарнамасы. Мындай билдирүүлөр шаарда кадам сайын кездешет.

Бул тууралуу Ички иштер министрлиги кабарлады. Бул фактыга байланыштуу кылмыш иши козголду жана тергеп-иликтөө, шектүүлөрдүн дагы башка шериктерин аныктоо иштери жүрүп жатат.

ИИМ өткөн айда интернет аркылуу баңгизат саткан 30 онлайн-дүкөндү жапканын билдирген. Анда милиция Darknet, ViPole, Telegram жана башка социалдык түйүндөрдө тыюу салынган заттарды саткандарга дайыма мониторинг жүргүзүп турары белгиленген.

Казакстандын, Кыргызстандын, Өзбекстандын жана Тажикстандын аймактарына психотроптук заттарды жайылтуучу туруктуу баңгилик топтор кармалып, синтетикалык баңгизаттарды даярдоочу лабораториялар аныкталган. Жыйынтыгында 30 кг ашык баңги каражаттар жана психотпроптук заттар алынган.

“Азаттык” жакында эле Кыргызстанда баңгизаттын онлайн тарашын иликтеген. Иликтөөдө Телеграм каналдар аркылуу “мефедрон”, “спайстан” баштап героинге чейин сатылып жатканы айтылган. Дарыгерлер синтетикалык баңгизатты өспүрүм окуучулар көп колдоно баштаганын эскертип жатат.

Дагы караңыз

Навальный Батышты Путинге каршы "маалыматтык согуш" ачууга чакырды Казакстан: Карим Масимовдун тергөө абагындагы мөөнөтү узартылды COVID-19: оору жуккан учурлар эки күндөн бери кайра каттала баштады Чек ара: соңку ок атышууга байланыштуу кылмыш иши козголду Аткылоого кабылган “Москва” аскердик кемеси чөгүп кетти