Министрлер кабинети май айындагы эс алуу күндөрүн тактады. Ага ылайык, беш күндүк жумуш күнү менен иштегендер 2022-жылдын 1-майынан тарта 9-майга чейин эс алат.
4-майдагы (шаршемби) жумушчу күн 30-апрелге (ишемби), 6-майдагы (жума) жумушчу күнү 14-майга (ишемби) которулду.
Май айында Эмгекчилердин эл аралык күнү, Конституция күнү, Жеңиш майрамы белгиленет. Быйылкы Орозо айт дагы май айынынын башында болот.
Өлкөдө майрамдардын, даталуу эс алуу күндөрүнүн санын азайтуу сунушу маал-маалы менен айтылып келет. (JsA)
Дагы караңыз
"Жаңы муун" сынагы жыйынтыкталды Автоунаанын терезесин акы төлөп караңгылатууга уруксат берилдиКазакстан: Рузахуновду кыйноо боюнча кылмыш иши токтоп турганы айтылды Президенттин кеңешчиси "Манас айылы" боюнча коомчулукту адаштырбоого чакырды