Бишкекте манасчы аялдарга арналган лекция өттү

Манасчы аялдарга арналган лекциянын жүрүшү. 14-апрель, 2022-жыл.

Бүгүн, 14-апрелде "Манас" жана Чыңгыз Айтматов улуттук академиясында Борбордук Азиядагы Америка университетинин окутуучусу, филология илимдеринин кандидаты Мукарам Токтогулованын “Көрүнбөгөн манасчылар: манасчы аялдардын таанылуу көйгөйлөрү” аттуу ачык лекциясы өттү.

Лекцияда Сейде Дейди кызы, Сейдене Молдокеева, Канымбү Абдраимова, Зууракан Сыдыкова, Асаткан Атаналиева өңдүү манасчы жана семетейчи аялдардын өмүр таржымалы тууралуу сөз болуп, алардын коомчулукка таанылбай калган себептери айтылды.

Лекциянын жүрүшү.

Уюштуруучулар эл арасында “аялдан манасчы чыкпайт” деген стереотип калыптанып калганын, мындай иш-чаралар ушул өңдүү бир кылка түшүнүктөрдү өзгөртүүгө өбөлгө болорун белгилешти.

Ага "Манас" жана Чыңгыз Айтматов улуттук академиясынын башчысы, манасчы Талантаалы Бакчиев баштаган бир катар манасчылар, адабиятчылар катышты.

"Манас" эпосу "Манас", "Семетей" жана "Сейтек" үчилтигинен турат. Эпостун манасчы Сагымбай Орозбаковдон 1920-жылдары жаздырылып алынган 19 миң саптан турган жана манасчы Саякбай Каралаевден жаздырылып алынган 937 миңден ашуун саптан турган варианты классикалык болуп саналат.

2013-жылдын 4-декабрында "Манас", "Семетей", "Сейтек" үчилтиги ЮНЕСКОнун "Адамзат маданиятынын материалдык эмес маданий мурастарынын" тизмесине кирген. 2015-жылы өкмөттүн токтому менен 4-декабрь “Манас” эпосунун күнү деп жарыяланган.

2021-жылы октябрь айынын башында мамлекеттик макамга ээ болгон Кыргыз улуттук “Манас” театры түзүлгөн. (MZh)

Дагы караңыз

Украинада 5 миллиондой адам качкынга айландыОрус армиясына аргасыз байланган кыргызстандыктарКазакстан: Рузахуновду кыйноо боюнча кылмыш иши токтоп турганы айтылды Президенттин кеңешчиси "Манас айылы" боюнча коомчулукту адаштырбоого чакырдыКазакстан Жеңиш парадынан убактылуу баш тартты