Аба ырайы: көпчүлүк аймакта күн ачык болот

Бишкек. Иллюстрация.

Кыргызгидромет борбору кабарлагандай, 15-апрелде Ысык-Көл облусунун чыгышында өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 7…12, күндүз 22…27,

Талас жергесинде түнкүсүн 6…11, күндүз 21…26,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 10…15, күндүз 24…29,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 2…7, күндүз 16…21,

Нарын облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 16…21,

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -7…-12, күндүз 1…6.

Бишкекте жаан жаабайт. Абанын табы түнү 9…11°, күндүз 25…27° болот. (BTo)

Дагы караңыз

Киев: тогуз гуманитардык коридор ачуу макулдашылдыЕБ менен Кыргызстандын кызматташтыгы боюнча келишим талкууланды9-майда Бишкектин Ала-Тоо аянтында аскердик парад болбойт Кыргызстан дары-дармектин 97% чет өлкөдөн импорттойт Сот Бишкектин борборунда сентябрга чейин митинг өткөрүүгө тыюу салды Тажикстандын Кыргызстандагы элчилигинин алдында митинг өттүПрезиденттин иш башкармалыгы "Манас айылы" боюнча комментарий бердиКрасноярск шаарынан Бишкекке жаңы авиакаттам ачылат