Коргоо министрлиги 9-майда Бишкектин Ала-Тоо аянтында аскердик парад болбой турганын кабарлады. Жеңиш күнүндө митинг-реквием өтөт жана "Өлбөс полк" жүрүшү уюштурулат.
Буга чейин Казакстан бийлиги да быйыл 7-майда Мекенди коргоочулардын күнүнө жана 9-майда Жеңиш күнүнө арналган аскердик параддарды өткөрүүдөн баш тарткан.
Кыргызстанда былтыр дагы 9-майда митинг-реквием өтүп, ага президент Садыр Жапаров баштаган мурдагы жана учурдагы жетекчилер, мамлекеттик кызматкерлер катышкан. Анда өчпөс отко гүл коюлуп, согушта курман болгондорду бир мүнөт аза күтүү менен эскерилген.
Коронавирус пандемиясынан улам 2020-жылы дагы 9-майда аскердик парад уюштурулган эмес.
Дагы караңыз
Кумтөр: оппозиция келишимден баш тартууга чакырды Кыргыз-тажик чек арасы: макулдашуудан кийинки чырБучада сөөктөр жапырт көмүлгөн жайлар табылууда"Кыз кошунаны көрсөттү". Майыптыгы бар өспүрүмдү ким зордуктаган?