Президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттикте 13-апрелде Кыргыз-немис ишкерлер кеңешинин Кыргызстандан дайындалган өкүлдөрүнүн жыйыны өттү. Анда аталган кеңештин алгачкы жолугушуусун уюштуруп, өткөрүүгө байланыштуу маселелер талкууланды.
Агенттиктин башчысы Равшан Сабиров Германия менен кызматташуунун негизги багыттары катары жашыл экономика, агроөнөржай, экспортту өнүктүрүү, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар, машина куруу, билим берүү, өнөр жай жана курулуш тармагын атады. Ал ошондой эле ишкерлерди эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык алаканы чыңдоо жаатында көмөктөшүүгө чакырды.
Кеңештин кезектеги жолугушуусу 27-апрелге белгиледи.
Буга чейин май айында Бишкекте кыргыз-немис бизнес форуму өтөрү маалымдалган.
Дагы караңыз
Кыргыз-тажик чек арасы: макулдашуудан кийинки чырБучада сөөктөр жапырт көмүлгөн жайлар табылуудаТоругарттан жүк ташуудагы талаш, иш таштаган айдоочулар"Соцтармакка жазганым экспертизада". Блогер сурак берүүдө Кумтөр: оппозиция келишимден баш тартууга чакырды