Кыргызстандыктарды Германияда ишке орноштуруу маселеси талкууланды

Өмүрбек Текебаев жана Маркус Бирхер.

Кыргызстандыктарды Германияда ишке орноштуруу боюнча эки өлкөнүн ортосунда меморандум түзүү пландалып жатат. Бул маселе 12-апрелде Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев Нюрнберг шаарында Германиянын иш менен камсыз кылуу боюнча Федералдык агенттигинин эл аралык департаментинин башчысы Маркус Бирхер менен жолугушууда талкууланды.

Өмүрбек Текебаев ушул тапта кыргызстандыктарды Германияга жумушка тартуу менен 12ге жакын жеке компаниялар иштеп жатканын айтып, кыргыз жарандарын Германияда уюшкан түрдө ишке орноштуруу боюнча эки тараптуу келишим түзүүнү сунуштады.

Маркус Бирхер Германиянын эмгек рыногунда эң көп талап кылынган тармактар туризм, мейманканада иштөө, логистика, кол өнөрчүлүк, курулуш экенин айтты. Ал жумушка кириш үчүн немис тили, кесиптик диплом талап кылынарын кошумчалады.

Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда чет мамлекеттерде жумушка орноштуруу менен алектенген 118 жеке агенттик бар. Ушул жылы Түштүк Корея кыргызстандык жумушчулар үчүн 1 миң 800 квота бөлсө, Британия миң кыргызстандыкты иш менен камсыздоого даяр экенин билдирген. (BTo)

Дагы караңыз

Финляндия жана Швеция НАТОго кирүү аракеттерин баштайт Сыдыков: Тажикстанга жаңы элчинин дайындалышы менен алака жакшырат деген үмүт бар Бишкекте эки имарат медициналык академиянын карамагына өттүБаткенде чек ара чырында жараат алгандар алты кишиге жеттиБаткенде чек ара чырында эвакуация болгондор үйлөрүнө кайтыштыКазакстан 9-майда Жеңиш күнүнө арналган аскердик парад өткөрбөйтСтатком: жаздык эгин өткөн жылга салыштырмалуу аз айдалдыКазакстандагы Январь окуялары боюнча Кыргызстандын эки жараны кармалып турат