Мурдагы тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевдин Кыргызстандын Тажикстандагы элчиси болуп дайындалышы менен эки өлкөнүн саясий, дипломатиялык сүйлөшүүсү башка деңгээлге өтүшү керек. Бул тууралуу президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн мурдагы башчысы, дипломат Данияр Сыдыков 13-мартта “Азаттык” радиосунун “Эксперттер талдайт” программасында айтты.
“Мурдагы тышкы иштер министрин Дүйшөмбүгө элчи кылып дайындаганы дипломатиянын тилинде президент “мурдагы тышкы иштер министрин жөнөтүп жатам” деген мааниде Тажикстанга белги болду. Жаңы элчи Тажикстандын тышкы иштер министри менен да бир деңгээлде сүйлөшө алат”, - деди Сыдыков.
Президент Садыр Жапаров 12-апрелде Эрлан Абдылдаевди Кыргызстандын Тажикстандагы элчиси кылып дайындаган. Абдылдаев 2012-2018-жылдары Тышкы иштер министрлигин жетектеген. 2020-жылы Кыргызстандын Германиядагы элчиси болуп дайындалып, быйыл февраль айында кызматтан алынган.
12-апрелдин кечинде кыргыз-тажик чек арасында ок атышуулар болгон. Эки өлкөнүн расмий өкүлдөрү алгач 12-апрелде Тажикстандын “Овчи-Калача” көзөмөл өткөрүү бекетинде, 13-апрелде ок атышуу болгон Лейлек районундагы Селкана тилкесинде жолугушуп, чек арага тартылган кошумча күчтөрдү алып кетүүнү макулдашты.
Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги кыргыз-тажик чек арасындагы соңку чыр-чатакта жалпы алты кыргызстандык жараат алганын билдирди. Алардын экөө аскер кызматкери.
“Азаттыктын” тажик кызматы чырда жараат алган Тажикстандын 27 жаштагы чек арачысы 13-апрелде ооруканада каза болгонун жазды. (BTo)
Дагы караңыз
Согуш башталгандан бери Украинада кеминде 20 журналист набыт болдуКазакстан 9-майда Жеңиш күнүнө арналган аскердик парад өткөрбөйтБаткенде чек ара чырында эвакуация болгондор үйлөрүнө кайтыштыСтатком: жаздык эгин өткөн жылга салыштырмалуу аз айдалдыКазакстандагы Январь окуялары боюнча Кыргызстандын эки жараны кармалып турат"Алтын Альянс" булганыч суу Жерүйдөн агып чыкпаганын билдирдиБаткенде чек ара чырында жараат алгандар алты кишиге жетти