Баткенде чек ара чырында эвакуация болгондор үйлөрүнө кайтышты

Достук айылы. 13-апрель, 2022-жыл.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы чырдан улам убактылуу жайга жайгаштырылган Лейлек жана Баткен райондорунун 708 тургуну туруктуу жашаган жерлерине жеткирилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) кабарлады.

Тууган-туушкандарыныкына жайгашкан 17 миң 799 киши үйлөрүнө өз алдынча келишти.

12-апрелдин кечинде кыргыз-тажик чек арасында ок атышуу болгон. Эки өлкөнүн расмий өкүлдөрү алгач Тажикстандын “Овчи-Калача” көзөмөл өткөрүү бекетинде, 13-апрелде ок атышуу болгон Лейлек районундагы Селкана тилкесинде жолугушуп, чек арага тартылган кошумча күчтөрдү алып кетүүнү макулдашты.

Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги кыргыз-тажик чек арасындагы соңку чыр-чатакта жалпы алты кыргызстандык жараат алганын билдирди. Алардын экөө аскер кызматкери.

“Азаттыктын” тажик кызматы чырда жараат алган Тажикстандын 27 жаштагы чек арачысы 13-апрелде ооруканада каза болгонун жазды. (BTo)

Дагы караңыз

Статком: жаздык эгин өткөн жылга салыштырмалуу аз айдалдыКазакстандагы Январь окуялары боюнча Кыргызстандын эки жараны кармалып туратБаткенде чек ара чырында жараат алгандар алты кишиге жеттиӨндүрүш Токтонасыров чек ара чырына байланыштуу акцияга чыктыМуфтият ажылыкка кезекте тургандарды вакцина алууга чакырдыКиев Мариуполдо аскерлер Орусияга багынды деген маалыматты ырастаган жок Алмазбек Атамбаев башка абакка которулары кабарланды