Оштогу ишкерлер бажы төлөмдөрүн түшүрүүнү өтүндү

Ошто жаңы бажы тарифтери киргенден кийин "айрым товарларга болгон бажы төлөмдөрү кымбаттады" деген ишкерлер өлкө бийлигине кайрылуу жолдоду. Алар президент Садыр Жапаровдон, Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдон бажы тарифтерин карап, төлөмдөрдүн көлөмүн азайтууну өтүндү.

Жүк ташуучулар ассоциациясынын мүчөсү Эмил Султангазиев “Азаттыкка” билдиргендей, бажы төлөмдөрү көтөрүлгөндөн кийин Кытайдан товар ташуу азайып, базардагы баалар кымбаттай баштаган.

Ал буга чейин чарба буюмдарынын бир тоннасы үчүн 750 доллар төлөнсө, 4-апрелден тартып жаңы тариф боюнча 900 долларга көтөрүлгөнүн айтты.

Ишкердин айтымында, "Эркечтам" өткөрүү бекети аркылуу Кытайдан кирген контейнерлердин саны азая баштаганы байкалууда.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кызматка киришкенден тарта эле "Торугарт" жана "Эркечтам" аркылуу өткөн жүктүн көлөмүн көбөйтүү зарылдыгын белгилеп, Кытай тарап менен сүйлөшүү жүрүп жатканын билдирип келет.

Кыргызстан менен Кытайдын соода жүгүртүүсү 2018-жылы 2 млрд. долларды, 2019-жылы 1 млрд. 816 млн. долларды түзгөн. Пандемия башталып, соода бир нече айга токтогон 2020-жылы эки өлкө ортосунда 700 миллион долларга жакын гана товар алмашуу болгон.

Былтыр он айда эки тараптуу сооданын көлөмү 1 млрд. 155 млн. доллардан ашкан. (AAb)

Дагы караңыз

Депутат Айбек Осмонов "Газпром Кыргызстандын" ишин сындадыӨндүрүш Токтонасыров чек ара чырына байланыштуу акцияга чыктыМуфтият ажылыкка кезекте тургандарды вакцина алууга чакырдыКиев Мариуполдо аскерлер Орусияга багынды деген маалыматты ырастаган жок Алмазбек Атамбаев башка абакка которулары кабарланды