Улуттук статистика комитеттин маалыматы боюнча, ушул жылдын 23-мартына карата Кыргызстанда жалпысынан 78 миң гектардан ашык аянтка жаздык эгин айдалды. Бул өткөн жылдын тиешелүү мезгилине караганда 26% аз. Статком муну өлкөдөгү туруксуз аба ырайы менен байланыштырды.
Жаздык арпа эгилген аянт 79,4%, жаздык буудай 69,3%, картөшкө 68%, көп жылдык чөптөр 61,2%, жашылчалар 50,2% жана май өсүмдүктөрү 44% түздү.
Жазгы талаа жумуштарынын 50,4% Чүй облусуна туура келет. Ош облусу 28%, Баткен 12,2% жана Жалал-Абад облусунда 8,2% жетет.
Кыргызстандын азык-түлүк коопсуздугунун деңгээлин баалоо үчүн тамак-аштын эң керектүү тогуз түрү аныкталган. Өлкө анын үчөөсүн – картөшкө, сүт жана жашылча менен гана толук камсыздай алат. Калгандарынын көбүн сырттан ташып, маанилүү товарлардын 70% башка өлкөлөрдөн сатып келет.
Министрлер кабинети март айынын аягында мамлекеттик банктарга агро өнөр жай комплексин насыялоого 10 млрд. сом бөлгөн. (BTo)
Дагы караңыз
Пентагон Киевге аскердик жардам жөнөтүүнү караштыруудаМашинелерге милдеттүү түрдө видеокаттоо орнотуу каралган мыйзам долбоор даярдалат Чек арадагы жаңжалга байланыштуу эки тараптуу сүйлөшүү уланып жатат Чек ара: Жаңы-Жер айыл өкмөтүндө күйүүчү май таңкыстыгы жаралды Жогорку Кеңеш "Жайыттар" мыйзамын экинчи окууга кайра кароого жөнөттү Кыргызстанда жашоо минимуму 6813 сом деп эсептелди