Өзбекстан Фергана өрөөнүндө эл аралык аэропорт курууну пландап жатат

Самарканддагы эл аралык аэропорт

Өзбекстандын үч облусунун ортосунда, Фергана өрөөнүндө жаңы эл аралык аэропорт куруу пландалып жатат. Президенттин басма сөз кызматы 11-апрелде Шавкат Мирзиеев коммуналдык тармакты жана транспортту өнүктүрүү презентациясы менен таанышканын билдирди.

Маалыматка караганда, Анжиян, Наманган жана Фергана аэропорттору шаарлардын ичинде, имараттардын арасында орун алган, аларды кеңейтүү мүмкүн эмес. Жакын арада жаңы аэропорт боюнча сунуш каралып, курулуш тууралуу чечим кабыл алынмакчы.

«Ташкент» аэропортун эл аралык хабга айландыруу, «Навои» аэропортун жүк ташыган түйүн кылуу, ал эми Самарканд жана Бухарадагы аба майдандарын туристтик тармакка адистештирүү каралууда», - деп билдирди өзбек президентинин басма сөз кызматы.

Өзбекстан буга чейин 2035-жылга чейин аэропортторду өнүктүрүү стратегиясын иштеп чыккан.

Дагы караңыз

Статком: жаздык эгин өткөн жылга салыштырмалуу аз айдалдыИздөөдө жүргөн Бусурманкул Табалдиев Кыргызстанда экени белгилүү болдуПентагон Киевге аскердик жардам жөнөтүүнү караштыруудаМашинелерге милдеттүү түрдө видеокаттоо орнотуу каралган мыйзам долбоор даярдалат Чек арадагы жаңжалга байланыштуу эки тараптуу сүйлөшүү уланып жатат