Кыргызстандын эли тузду мерчемден 2,5 эсе көп колдонот

Иллюстрация.

Дүйнөлүк саламаттык уюмунун акыркы эсептөөсү боюнча, Кыргызстанда 18 жаштан жогорку калктын 56,2% ашыкча салмакта.

Аялдарда бул көрсөткүч жогорку деңгээлде.

25 жаштан 64 жашка чейинки калктын 43% артериалдык кан басым оорусу менен жабыркайт.

Мындай маалымат 13-апрелде Саламаттык сактоо министрлиги менен эл аралык уюмдар өткөргөн "жугуштуу оорулардын алдын алууга" багытталган форумда айтылды.

Жалпысынан элдин 23,1% ашыкча салмактан жабыркай турганы белгилүү болду.

Жыйында жүрөк, кан тамыр оорулары, кант диабетинен каза болгондор жалпы өлүмдүн 80% жеткени айтылды. Кыргызстандыктар тузду жалпы белгиленген стандарттан 2,5 эсеге көп колдонору аныкталды.

13-апрелге карата өлкө калкы 6 млн. 705 529 деп эсептелди. Күнүнө 107 киши каза болуп, 400дөн ашуун наристе төрөлүүдө. (BCh)

Дагы караңыз

Машинелерге милдеттүү түрдө видеокаттоо орнотуу каралган мыйзам долбоор даярдалат Чек арадагы жаңжалга байланыштуу эки тараптуу сүйлөшүү уланып жатат Чек ара: Жаңы-Жер айыл өкмөтүндө күйүүчү май таңкыстыгы жаралды Чек арадагы Достук айылына бир канча снаряд түшкөн