Издөөдө жүргөн Бусурманкул Табалдиев Кыргызстанда экени белгилүү болду

Бусурманкул Табалдиев.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы, 2019-жылдан бери издөөдө жүргөн Бусурманкул Табалдиев Кыргызстанда экени белгилүү болду.

Бул маалыматты Ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз кызматы ырастады. Мекеменин маалыматына караганда, 2021-жылдын 6-октябрында Бишкектин Биринчи май райондук соту Табалдиевге карата камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасын башка жакка чыкпоо тууралуу бөгөт чарасына өзгөрткөн.

Шектүү 2021-жылдын 28-октябрында ИИМдин Тергөө кызматына барып, ага Кылмыш-жаза кодексинин “Кылмышка кошо катышуучулардын түрлөрү” жана “Коррупция” беренеси менен шек саналып жатканы тууралуу кабарлама берилген. Былтыр 23-декабрда ага ушул беренелер боюнча айып тагылып, 2022-жылы 22-февралда тергөө аяктап, 24-февралда айыптоо актысы Башкы прокуратурага жөнөтүлгөн.

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн бошотулганына байланыштуу Бусурманкул Табалдиевге 2019-жылдын 18-июлда издөө жарыяланып, Биринчи май райондук соту аны сыртынан камакка алуу чечимин чыгарган. Үч жылдан бери анын кайда экени белгисиз болуп жаткан.

Ал кримтөбөл Азиз Батукаев мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн бошогон 2013-жылы Коргоо кеңешинин (азыркы Коопсуздук кеңеши) катчысы болуп иштеген. Батукаев “айыккыс илдетке чалдыкты” деген негизде мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн бошотулуп, атайын коштоо менен Бишкекке жеткирилген соң Орусияга чыгып кеткен.

“Батукаев ишине” байланыштуу мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге да айып коюлуп 11 жылга эркинен ажыратылган. Баш-аягы 19 кишиге кине тагылган.

Алардын арасында мурдагы башкы прокурор Аида Салянова, мурдагы саламаттык сактоо министри Динара Сагынбаева, экс-вице-премьер-министр Шамил Атаханов, Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) ошол учурдагы башчысы Зарылбек Рысалиев, Батукаевди бошотуу жөнүндө чечим чыгарган мурдагы судья Жапар Эрматов жана бир катар дарыгерлер бар. Ондон ашык киши тергөө менен кызматташууга кол коюп берген. (BTo)

Дагы караңыз

Чек арадагы жаңжалга байланыштуу эки тараптуу сүйлөшүү уланып жатат Чек ара: Жаңы-Жер айыл өкмөтүндө күйүүчү май таңкыстыгы жаралды Чек арадагы Достук айылына бир канча снаряд түшкөн АКШнын Мамлекеттик департаменти адам укуктарынын абалына баасын бердиКыргызстанда жашоо минимуму 6813 сом деп эсептелдиКадырбеков Кумтөр боюнча макулдашууну сындады